БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жылытуу системасы электр энергиясы менен гана иштеген, башка альтернативасы жок көп кабаттуу үйлөрдөгү кубаттуулук 7 киловаттка чейин жогорулатылды. Бул тууралуу "Улуттук электр станциялар" ишканасына караштуу Электр энергиясын сатуу башкармалыгынын жетекчиси Исабек Орозбаев Sputnik радиосунун эфиринде билдирди.
Ал эми анын орун басары Асел Эркимбаева бөлүштүрүлгөн кубаттуулукту туура, сарамжалдуу колдонсо болорун белгиледи.
"Бир сутка ичинде алты сааттык чектөө болот — эртең менен үч, кечкисин үч саат. Эгер сиз ошол маалда плитага тамак жасап жаткан болсоңуз жылуулукту 2-3 саатка өчүрүп коюңуз, үй бул убакыт ичинде тоңуп калат деп ойлобойм. Электр энергиясы көп колдонулган, максимум сааттары өткөндөн кийин кубаттуулук, албетте, калыбына келет", — деди Эркимбаева.
Ал ошондой эле калкты электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга чакырып, эгер үнөмдөө болбосо кайра-кайра авариялар катталып, энергетикалык коллапска кабылуу коркунучу жараларын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин энергетиктер электр энергиясына болгон жүктөм күчөгөн маалда эсептегичтердин кубаттуулугу 5 киловаттан 3 киловаттка чейин төмөндөй турганын билдиришкен.