ЖККУ баш катчысы: АЭСтердеги кырсыктардын кесепети дүйнө жүзү үчүн оор болот

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. АЭСтердеги апааттуу кесепеттерге кептеген кырсыктардын кооптуулугу Украинадагы тынчыбаган абалдан улам барган сайын күчөп жатат. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов КМШ мамлекеттеринин Коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусунда айтты.
Белгилей кетсек, жыйын Москва шаарында бүгүн башталды.
"Чыгыш Европа багытындагы негизги окуялар адаттагыдай эле согуштук аракеттер уланып жаткан Украина менен байланыштуу болуп жатат. АЭСтердеги апааттуу кесепеттерге кептеген кырсыктардын тобокелдиги күчөдү", — деген катчы жыйын катышуучуларына кайрылып жатып.
Тасмагамбетов кырдаалды Россия менен Беларуска салынган санкциялардын күчөтүлүшү, Киевге АКШ, Европа жана алардын союздаштарынан тынымсыз куралдын ташылышы ого бетер күчөтүп жатканын белгилеген. Анын айтымында, ушу тапта аскердик максаттар үчүн жасалма интеллектинин кеңири пайдаланылып жатышы да эл аралык туруктуулукка доо кетирүүдө.
"ЖИни жапыр колдонуу, кургактагы, абадагы, сууда жана суу алдындагы бутаны жок кылуучу курал-жарак системасын пайдаланууда көзөмөлдүн жоктугу, өлкө ичинде олку-солкулукту жаратууга интернеттин кеңири колдонулушу — жалпы адамзат үчүн кооптуулук", — деди Тасмагамбетов.
Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугуна Афганстан коркунуч жараткан аймак бойдон калып жатканына да токтолгон. Тасмагамбетов ЖККУ 2024-жылы кабыл алынган тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруу артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Ага уюмдун түштүк жагындагы коопсуздукту камсыздоого багытталган конкреттүү чаралар кирген. Башкы катчы уюм быйыл аталган программанын биринчи этабына киришерин билдирди.
Манаста КМШ чек арачыларынын 91-жыйыны өттү. Видео