Шойгу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек аралары, Афганстандагы абал тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара талаштарынын жөнгө салынышы жалпыбызды канаттандырган жакшы көрүнүш. Бул туурасында РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу айтты.
Эске салсак, бул күндөрү Москвада КМШга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусу өтүүдө.
Шойгу, мындан тышкары, Афганстандан ташылган баңгизаттардын агымы бир топ азайгандыгына токтолду.

"ЖККУ аркылуу Тажикстан – Афганстан чек арасын бекемдөө боюнча кабыл алынган чечимдер, айрыкча, баңгизат трафигин алдын алуу боюнча кабыл алынгандары олуттуу мааниге ээ", — деген ал аталган отурумда сүйлөгөндө.

ЖККУ баш катчысы: АЭСтердеги кырсыктардын кесепети дүйнө жүзү үчүн оор болот