БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Октябрь РИИБи милиция кызматкерине пара берүүгө шектелген чет элдиктерди кармаганын билдирди.
Маалыматта беш суткага камалган чет элдик жаран түшүндүрүү иштери жүрүп жаткан маалда паспортунун жасалмаланганын жаап-жашыруу үчүн милиция кызматкерине пара сунуштаганы айтылат.
"41 жана 37 жаштагы эки чет өлкөлүк киши милициянын кабинетинде маселени оң жагына чечүү үчүн кызматкерге 900 доллар берип жатканда кармалган. Факт боюнча "Пара берүү" беренеси менен иш козголду", — дешти милициядан.
Тергөө уланууда.
ИИМ кызмат адамына пара берүүгө аракет кылуу өлкө мыйзамына ылайык жоопкерчиликке каралган кылмыш болуп саналарын эскертти.