Орто-Токой ГЭСи качан ишке берилери айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Орто-Токой гидроэлектр станциясынын курулушу 75 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтын башкы директору Шакир Саидов билдирди.
Энергетика министрлиги тараткан маалыматта министр Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусун кыдырып, курулушту көргөнү айтылат. Саидов кеңири маалымат берип, жумуштар бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, учурда суу алуучу дарбаза бетондолуп бүтүп, узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык тоннели казылып, 624 метри бетондолгону кошумчаланды.
Ибраев жылдын аягына чейин генераторлор турган залдын чатыры жабылып орнотуларын белгилеген. Анын айтымында, келишим боюнча кийинки жылдын март айында курулуш бүтүп, ГЭС ишке берилет.
Орто-Токой ГЭСинин кубатуулугу — 21 МВт. Ар бири 7 МВт болгон үч генератор коюлат.
Электр кубаты менен гана жылыган турак жайлар кантет? Адистердин жообу