БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Нью-Йорк шаарындагы шайлоодо жеңишке жеткенин билдирген Зогран Мамдани 2026-жылдын 1-январынан тарта өз милдетин аткарууга киришет. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мен Нью-Йорк шаарынын мэри катары 1-январда ант берем", — деген ал тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып.
Шаардын учурдагы мэри Эрик Адамс 2022-жылдын январында ант берген, анын ыйгарым укуктары ушул жылдын 31-декабрында аяктайт.
Адатта шайлоодон кийинки алгачкы күндөрү талапкер утурумдук команда түзөрүн жарыялайт, Мамданиден да ушуну күтүүгө болот.
Эки айга жетпеген убакытта мусулман мэрдин башкаруусуна бюджети 120 миллиард долларга, калкы 8,5 миллионго жакын шаар өтөт.
Америкалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Мамданиге колдоо көрсөтүү үчүн аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Либералдык каналдардагы баяндамачылар Мамданини Демократиялык партиянын келечектеги лидери деп аташууда. Анткен менен шаар башчысы кызматында канчалык чоң жетишкендиктерди көрсөтпөсүн, АКШнын президенти боло албайт. Анткени ал Угандада төрөлгөн.
Мамдани өзүн демократ-социалист катары көрсөтүп келет. Ал арзан азык-түлүк саткан дүкөндөрдү түзүүнү, шаардагы турак жайдын бир бөлүгүнүн ижара акысын тоңдурууну жана автобустарда жол кире акысын алып салууну жактайт.
Шаардык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүүгө катышкандардын саны 1969-жылдан бери биринчи жолу 2 миллиондон ашты.