Кыргызстандын мектептериндеги мыкты ашпоз аныкталды. Видео

Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Республикалык компетенциялар борборунда "Мыкты мектеп ашпозу – 2025" республикалык сынагынын финалы өттү.
Sputnik
Конкурска өлкөнүн бардык облустарынан келген жети ашпоз катышты. Анын ар бири тандоодон өтүп, мектеп менюсу үчүн атайын түзүлгөн ысык тамактын автордук рецебин сунуштады. Негизги шарты тамак жеткиликтүү жана пайдалуу болушу керек. Бир порциясы 30 сомдон ашпай, курамындагы азыктар өзүбүздө өстүрүлүп, жашылча же жемиш камтышы кажет эле.
Финалдык программа үч этапты: чыгармачылыкты, санитардык ченемдерди билүүнү жана практикалык көндүмдөрдү камтыды.
Натыйжада Баткенден келген Алтынай Жарматова жеңүүчү деп табылып, ага ашкана жабдуусун сатып алуу үчүн 50 сомдун сертификаты ыйгарылды.
Экинчи орун ээлегендерге 30 миң сомдук, үчүнчүнү алгандарга 20 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Байгелүү орундарга илинбей калгандарга Грамота жана белектер берилген.
Саамалык мектеп ашпоздорунун кесиптик коомчулугун бекемдөөгө, мектеп тамак-ашынын сапатын жогорулатууга жана мыкты тажрыйбаларды өлкөгө жайылтууга багытталат.
Сынак Кыргызстандын Агартуу министрлиги БУУнун Азык-түлүк программасы жана КМШнын окуучулардын тамактануусу боюнча негизги уюму болгон "Тармактык тамактануу институту" уюмунун колдоосу менен өткөрүлдү.