БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Россиянын МАХ платформасына катталуу КМШнын дагы жети өлкөсү үчүн жеткиликтүү болуп калды. Бул туурасында компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Россия менен Беларустун жарандарынан тышкары Кыргызстандын, Армениянын, Азербайжандын, Казакстандын, Молдованын, Тажикстандын жана Өзбекстандын эли МАХ платформасында сүйлөшө алат.
КМШ өлкөлөрүндөгү колдонуучулар өз ара сүйлөшүүсү үчүн "контактыдагылардын" тизмесине кошулушу шарт. Эгерде алар бири-бирин тизмеден таппаса, киргенге чакыруу жөнөтүшү абзел.
"Контакты" тизмегине сүйлөшүп жаткан адамдын номерин кошуу — МАХта коопсуз жана ишенимдүү баарлашууну сактоо үчүн каралган чара. Бул алдамчыларга каршы күрөштү улантууга, артыкбаш, керексиз спамдардан арылууга, колдонуучулардын маалыматтарын кошумча коргоого жардам берет", — дешти компаниядан.
МАХ платформасына катталуу үчүн колдонмону жүктөп, өлкөнү тандап жана телефондун номерин киргизүү керек. Каттоону аягына чыгарыш үчүн SMS аркылуу келген текшерүү кодун киргизип, байланыштарды синхрондоштурууга макулдук берүү жетиштүү.
Аккаунттун коопсуздугун күчөтүү үчүн эки факторлуу аутентификацияны колдонсо болот. Аны профилдин "Приватность" бөлүмүнөн иштетүүгө мүмкүн.