КМШ ПААнын Жогорку Кеңеш шайлоосундагы координатору дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Тажикстан парламентинин Конституциялык комитетинин төрагасы Махмадали Ватанзода КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар тобунун координатору болуп дайындалды. Алар Кыргызстандагы шайлоого көз салат.
Буйрукка КМШ ПАА Кеңешинин төрайымы, Россиянын Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко кол койгон.
Миссиянын курамына КМШ ПААга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин өкүлдөрү, ассамблеянын кызмат адамдары жана Демократияны өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институттун эксперттери кирет. КМШ ПААнын байкоочулары Жогорку Кеңештин чакыруусу боюнча шайлоого мониторинг жүргүзүшүүдө. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын, округдук шайлоо комиссияларынын жана Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.
30-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өткөрүлөт. Мамлекет 30 округга бөлүнүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн аралыктан добуш берүү каралган. Участоктор аэропорттордо, соода борборлорунда, ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө жана базарларда иштейт. Ошондой эле чет өлкөлөрдө 100 участок ачуу пландалууда.
25-сентябрда ЖК депутаттары бир добуштан өзүн-өзү таркаткан. Буга катар келген шайлоолорду өткөрүү БШКга оорчулук жаратары себеп болгон. Конституцияга ылайык, кийинки парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында, ал эми президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтүшү керек болчу.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
БШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 млн. сом сарптайт