Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын Европадагы өкүлү: Киевге курал ташуу акыры жеңилүүгө кептейт

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Саясий-дипломатиялык аракеттерди бөгөттөп, Киевге курал-жарак ташуу — Европаны да, Украинаны да акыры жеңилүүгө кептей турган жол. Бул тууралуу Россиянын Венада жайгашкан эл аралык уюмдардагы өкүлү Михаил Ульянов РИА Новости агенттигине маек куруп жатып айтты.
"Украина маселесинде Евробиримдик эң эле туура эмес багытты тандап алды. Саясий-дипломатиялык аракеттерди бөгөттөп, Киевге тынымсыз курал-жарак ташылууда. Бул — Европа үчүн да, Украина үчүн да утула турган жүрүш", — деген дипломат.
Россия Украинаны куралга шыкоо абалды жөнгө салууну кыйындатып, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырарын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия армиясы үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Кремль Украинаны аскердик техника менен камсыздоо сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырып, кесепети оор болорун бир нече ирет айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын согушка деген каражаты качан түгөнөрү айтылды