Египеттин борбору Каирде Кыргызстандын элчилиги ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Египеттин борбору Каирде Кыргызстандын элчилигин ачуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун аталган өлкөгө жасаган сапарынын алкагында белгилүү болду.
Эки өлкөнүн президенттери алгач өздөрүнчө сүйлөшүп, андан соң кеңейтилген курамда бир катар маселелерди талкуулашкан.
"Өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөө жана байланыштарды өнүктүрүү максатында Каир шаарында Кыргызстандын элчилигин ачуу чечими кабыл алынды", — деген Жапаров.
Сүйлөшүүнүн алкагында соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле өкмөттөр аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Жапаров анын биринчи отурумун Бишкекте өткөрүүнү сунуштап, Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси бул демилгени дароо колдогону айтылды.
Өлкө башчы ошондой эле Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө, 2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларга катышууга чакырган.
Кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат. Жапаров Египеттин президенти менен жолукту