Электр кубаты көп колдонулган учурдагы чектөөлөр чексиз тарифке да тиешелүү

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Электр эсептегичтеринин кубаттуулугу боюнча чектөөлөр чексиз тариф колдонгон абоненттерге да тиешелүү. Бул тууралуу "Улуттук электр станциялар" ишканасына караштуу Электр энергиясын сатуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Асел Эркимбаева Sputnik радиосунун эфиринде билдирди.
Ал тариф менен кубаттуулук эки башка нерсе экенин айткан.
"Электр энергиясы көп колдонулган учурдагы чектөөлөр баарына тиешелүү", — деди Эркимбаева.
Эске салсак, буга чейин энергетиктер электр энергиясына болгон жүктөм күчөгөн маалда эсептегичтердин кубаттуулугу 5 киловаттан 3 киловаттка чейин төмөндөй турганын билдиришкен.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев элди кубаттуулук жетишпей жатса чексиз тарифке өтүп алууга чакырган. Бирок президент аны бул кеби үчүн жемелеп, электр энергиясы тартыш болуп жаткан шартта буга жол берилбестигин айткан.
Жапаров: энергетика тармагындагы карызыбыз 137 млрд. сомдон 25 млрд. сомго түштү