БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жол кырсыктарынан көз жумган кыргызстандыктардын саны улам арбып жаткандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаров автомектептер жаатында реформа жүргүзүү тапшырмасын койгон. Бул тууралуу өлкө башчынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Бүгүн президенттин иш башкармалыгынын өкүлдөрү тургундардын суроолоруна жооп берип, 14 айлык окуунун маани-маңызын түшүндүрүп беришти.
Туманбаевдин айтымында, айдоочулукка окуткан жеке мектептер мурункудай эле иштей берет, бирок мамлекетке караштуу болуп калат. Мында кызматкерлердин саны кыскарбай турганы кошумчаланган.
Иш башкармалык токтолгон негизги учурлар:
мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жаңысына сынаксыз жана акысыз алмаштырылат. 10 жылга берилчү жаңы документти 2026-жылдын январынан тарта "Унаа" кызматына келип алмаштырууга болот;
ушу тапта жеке автомектептерде окуп жаткандар сынакты тапшырса айдоочулук күбөлүк берилет, өтпөй калса жаңы кабыл алынган мыйзамдын чегинде алышы керек болот;
Кыргызстанда онлайн окуткан автомектептер ачылат. Анда теориялык билим алууга болот, ал эми практикалык жагын жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатат;
окуунун баасы азыркыдан кымбат болбойт, жакында тарифтер бекийт;
Бишкекте "Унаанын" заманбап, бардык шарты каралган автодрому ачылат. Ал 10 гектар жерге түшөт. 14-ноябрда капсула салынып, эки айда алгачкылары бүтөт. Мартта курулуш толук кандуу аяктап ишке берилет;
мамлекеттик автомектептер курсанттарга айдоочунун этикасын да үйрөтөт;
14 айлык мөөнөт Финляндиянын тажрыйбасынан алынды. Былтыр жол кырсыгынан бир да тургуну мерт болбогон бул өлкө дал ушул окутуунун сапатына чоң көңүл бурат.