6-ноябрга карата аба ырайы

6-ноябрга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаап, үшүк жүрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика аймагында жаан-чачын жаабайт, айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй менен Нарында 0…5, Талас аймагында -4…-9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 5…10, Ысык-Көлдө 1...6 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада 2…4, Ош шаарында 7…9 градуска жетет.
Электр кубаты менен гана жылыган турак жайлар кантет? Адистердин жообу