Өлкөдө күздүк буудайдын жаңы сортторун чыгарууга багытталган гибриддештирүү питомниги түзүлдү. Ал дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өзгөрүп жаткан климаттык шарттарга жана жергиликтүү топурактын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташкан жаңы кыргыз күздүк буудай сорттору чыгарылары кабарланды. Бүгүнкү берүүдө дал ушул жаңы долбоор тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов жооп берди.