2025-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Туризм департаменти өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана эл аралык рынокто таанытууну улантты. Бул мезгилде туристтердин саны өсүп, кышкы жана жайкы сезонду диверсификациялоо багытында бир катар долбоорлор ишке ашырылды.
Туризм инфраструктурасын жакшыртуу, аймактарды илгерилетүү жана коопсуздукту күчөтүү боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүп, тармакта позитивдүү динамика байкалды. Акыркы көрсөткүчтөр, кышкы туристтик сезонго даярдык тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов айтып берди.