Президент Садыр Жапаровдун Египетке расмий сапары башталды. Видео, сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда, Египетке расмий сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчыны “Каир” эл аралык аэропортунан Египеттин жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри Мохамед Айман Ашур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Жапаров сапардын алкагында Египеттин лидери Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолугары айтылган. Эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер талкууланып, экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттык сактоо багыттары боюнча бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
1 / 3

Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда, Египетке расмий сапар менен барды

2 / 3

Өлкө башчыны “Каир” эл аралык аэропортунан Египеттин жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри Мохамед Айман Ашур жана башка расмий адамдар тосуп алышты

3 / 3

Жапаров сапардын алкагында Египеттин лидери Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолугат

Эске салсак, бул — Кыргызстан башчысынын өлкө эгемендик алгандан бери Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары.
Жапаров Трамптын чакыруусу менен АКШга барат