БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Владимир Зеленский менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин ортосунда олуттуу пикир келишпестик жаралды. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис өзүнүн YouTube каналындагы эфиринен билдирген.
Анын айтымында, Зеленский Сырскийге ДЭРде чабуул жасоого буйрук бергени тууралуу маалыматтар бар.
"Сырский бул буйрукту аткаруудан баш тартып жатат деген дагы кептер айтылууда. Ал муну Украинанын чабуул жасоого күч-дарамети жок экендиги менен түшүндүргөн", — деди эксперт.
Меркурис эгер бул маалыматтар анык болсо, Украина үчүн фронттогу абал канчалык начарлаганын көрүүгө болорун белгилеген.
Россиялык аскерлер атайын аскердик операция аймагындагы иштерин активдүү улантууда.
Ошол эле учурда Киев дагы Россиянын аймагындагы жарандык объектилерге чабуул жасаган. Буга жооп катары Украинанын аскердик өнөр жай ишканаларына, алардын ишин камсыз кылган газ-энергетикалык комплексине, Куралдуу күчтөрдүн объектилерине гиперүндүү "Кинжал" ракеталары менен сокку урулган.