УКМК капсалаң учурда байланыш менен интернетти чектөөнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. УКМК куралдуу кагылыштар жана өзгөчө абал учурунда айрым түзүмдөрдөн байланышты жана интернетти өчүрүүнү сунуштады.
Мыйзамдын долбоору кылмыштын ар кыл түрлөрү менен күрөшүү максатын көздөйт. Аны менен бирге эле бир катар эрежелер өлкөнүн жаңы Санарип кодексине ылайыкташтырылууда.
Комитет азыркы согуштарда смартфондор менен планшеттер көп учурда чабуулдарды координациялоо, дрондорду багыттоо жана чалгын маалыматтарын алуу куралына айланып калганын түшүндүрдү.
Мындан тышкары, тергөө иштери жүрүп жатканда мобилдик байланыш операторлору колдонуучулар тууралуу маалыматты тиешелүү органдарга берүүгө милдеттүү болот.
Ташиев: 2024-жылдан бери Кыргызстанга 5 миллионго жакын киберчабуул жасалган