Россияда Элдик биримдик күнү белгиленди. Путиндин кайрылуусу

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Элдик биримдик күнүнүн урматына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, кайрылуу жасаганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы сөзүндө Россия элдеринин биримдиги ыйык экенин белгилеп, өлкө эли глобалдуу чакырыктарга, кооптуулуктарга туруштук берүүдө бир муштумга түйүлө аларын, Россиянын санаалаштары арбын экенин айтты.
Путин токтолгон учурлар:
Бул күн өзгөчө мааниге ээ, анткени биримдик Россиянын эгемендигинин сакталышын түшүндүрөт;
Россия өз ара пайдалуу алакага, мамилени бекемдөөгө жана маданий байланышты өнүктүрүүгө дайым ачык;
Россия коңшулары менен эле эмес, Жер жүзүндөгү бардык элдер менен достук мамиле курууга, кызматташууга даяр.
Бишкекте Россиянын Элдик биримдик күнү белгиленди