Бишкекте Россиянын Элдик биримдик күнү белгиленди

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 4-ноябрда, Бишкекте Россиянын Элдик биримдик күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган РФтин Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
1 / 6

Бишкекте Россиянын Элдик биримдик күнү салтанаттуу белгиленди

2 / 6

Иш-чараны Россиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурду

3 / 6

Майрам биримдиктин күчүн, Россияга кылымдардан бери жардам берип келген адамдардын ишенимин даңктаган күн экени белгиленди

4 / 6

Элчи Россия үчүн бул жөн гана кызыл дата эмес, бул улуттук сыймыктын, руханий күчтүн майрамы экенин айтты

5 / 6

Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл топтору даярдаган концерттик программа тартууланды

6 / 6

Эки элдин маданий жана гуманитардык мамилесине чоң салымын кошкон коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө, мугалимдерге жана активисттерге диплом, ардак грамоталар тапшырылды

Элчи Сергей Вакунов куттуктоо сөзүндө майрам биримдиктин күчүн, Россияга кылымдардан бери жардам берип келген адамдардын ишенимин даңктаган күн экенин белгиледи.

“Россия үчүн бул — жөн гана кызыл дата эмес, бул улуттук сыймыктын, руханий күчтүн майрамы”, — деди РФ элчиси.

Улуттук биримдик күнүнө арналган салтанатта эки элдин маданий жана гуманитардык мамилесине чоң салымын кошкон коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө, мугалимдерге жана активисттерге диплом, ардак грамоталар тапшырылды.
“Московские классики” фондунун жетекчиси Ольга Фролова Ардактуу мекендеш төш белгиси менен сыйланды. “Казаки Семиречья” союзунун башчысы Александр Зуевге, “Наша Победа – Биздин Жеңиш” кыймылынын башчысы Светлана Лаптевага жана КРдин эмгек сиңирген артисти, Россотрудничествонун маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцовго диплом берилди. Элчиликтин Ардак грамотасы Урмат Тентимишов, Венера Сатылганова, Анара Абдулина, Ирина Аверкова, Юлия Кремель жана Галина Подгорнаяга тапшырылды.
Иш-чаранын соңунда Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл топтору даярдаган концерттик программа тартууланды.
Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү кандай өттү. Сүрөт баян