Россия менен Кытай санкцияларга биргелешип каршы турууну макулдашышты

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россия менен Кытай санкцияларга каршы турууда бири-бирине жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен кабыл алынган коммюникеде айтылганын РИА Новости кабарлады.
РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кытайга дүйшөмбү күнү барган. КЭР Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Цян менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюлган.
Тараптар көз карандысыз мамлекеттин активин анын уруксатысыз бөгөттөө, конфискациялоо глобалдуу финансылык системага доо кетирерин белгилешти. Мындан тышкары, үчүнчү өлкөлөрдө жүргөн жарандарын коргоо, өзгөчө абал жана куралдуу кагылыш учурунда эвакуациялоо боюнча кызматташууну күчөтүүнү макулдашышты.
Кытай өз кезегинде Россиянын коопсуздукту, стабилдүүлүктү камсыздоо багытындагы аракеттерин колдой турганын билдирген.
Трамп Түштүк Кореяда Си Цзиньпин менен жолугушту. Ортодогу талкуу