Жазадан куткаруу үчүн "акылынан айнытышкан". Психиатрия борборундагы коррупция

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. УКМК Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунда милиция кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган борбордун 50 жаштагы эксперт-психологу А.Ч.Ш. Ленин РИИБинин тергөөчүсүнүн 31 жаштагы орун басары А.у.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу максатында "акыл-эси жайында эмес" деп таап келген.
"Январда тергөөчүнүн орун басары баңгизат сатууга шектелип кармалган 18 жаштагы кыздын туугандарынан 1,5 миллион сом алып, дарыгер менен сүйлөшүп, эки жолу "акылы жайында эмес" деген диагноз койдуртуп берген", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизип, коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды тактап жатат.
Токмоктун ооруканасын ызы-чуу түшүргөн айдоочу кармалды