Жапаров каалоочуларды чексиз тарифке өтүүгө чакырган энергетика министрин жемеледи

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров каалоочулар чексиз тарифке өтүп алса болот деген энергетика министри Таалайбек Ибраевди жемеледи.
Президент электр энергиясы тартыш болуп жаткан шартта буга жол берилбестигин, коомдо социалдык ажырымды жаратышы мүмкүн экенин белгилеген. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.
Жапаров Таалайбек Ибраевге чексиз тарифти дароо токтотуп, кышында элге электр энергиясын адилеттүү жана бирдей берүүнү тапшырды.
Эске салсак, буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев элге электр кубаты жетпей жатса чектөөсүз тарифке өтүп алууну сунуштаган. Ал үчүн аймактык электр тармактары ишканасына кайрылуу зарыл экенин кошумчалаган.
Авариялык өчүрүүлөр азаюуда. Энергетика министри Ибраев кышка даярдык тууралуу