Бишкектин четиндеги шаарларга каттаган поезддердин графиги өзгөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жол тыгынын азайтуу үчүн Бишкектин четиндеги шаарларга каттаган поезддердин графиги өзгөрдү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
10-ноябрдан тарта поезддер төмөнкүдөй сааттарда каттайт:
Кайыңдыдан Бишкекке (Эркиндик бульварындагы вокзал) поезд эртең менен 6:00дө чыгып, 8:20га келет;
Бишкектен Кайыңдыга саат 18:40та чыгып, 20:57де жетет;
Токмоктон Бишкекти көздөй поезд эртең менен 6:30да чыгып, 8:35те жетет;
Бишкектен Токмокко кечки 18:22де чыгып, 20:28де жетет.
Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун куруу пландалууда