БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Дөңгөлөгү кышкыга алмаштырылбаган автоунаалар алыс жолго кое берилбей турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта Бишкек — Ош трассасы менен каттай турган машиналар "Сосновка" жана "Арал" постторунан текшерилери айтылат. Эгер дөңгөлөк жайкы болсо, андан ары жол тартууга уруксат берилбейт.
ӨКМ сапар тартуучуларга төмөнкүлөрдү эскертти:
жолго чыгарда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;
унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз;
зарылчылык болбосо алыскы жолго чыкпай туруңуз;
кырсык катталган учурда күнү-түнү 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз.
Эскерте кетсек, Кыргызгидромет 4-5-ноябрь күндөрү күн кескин сууктай турганын билдирген.