БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын аймагында күз-кыш мезгилине карата туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, калаанын үч районундагы мындай жайлардан үйү жоктор тамак ичип, жылынып, түнөп кете алышат.
Октябрь районундагы баш калкалоочу жай Токомбаев көчөсүндөгү №12 кичи районунда жайгашып, 80 кишиге ылайыкташкан. Имараттын ичи ремонттон өткөрүлүп, төшөнчү, дары-дармек менен камсыздалды. Жылытуу мезгилине жергиликтүү бюджеттен 10 тонна көмүр сатып алынган.
Биринчи май районунда жай-кыш дебей "Коломто" уюму иштейт. Ал Жибек Жолу, № 413 дарегинде жайгашып, 70тен 100 кишиге чейин кабыл алат. Жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Ленин районундагы "Ырайымдуулук борбору" Трудовая, 10 дарегинде жайгашып, жашоонун оор кырдаалына туш болгон балалуу аялдарга ылайыкташкан. 45 адамды кабыл ала алат.
Туруктуу жашаган жери жок адамдар бул баш калкалоочу жайларга өз алдынча кайрыла алышат. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Тез жардам бригадасы тарабынан жеткирилет. Жардамга муктаж адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция), 103 (Тез жардам) кызматтарына кайрылыңыз.