Кыргызстандын банктарындагы депозиттин көлөмү ушул жылдын тогуз айына карата 815 миллиард сомдон ашты. Сумма жыл башынан бери 205 миллиард сомго көбөйгөнүн Кадырбек Букуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, банктардагы депозиттин көлөмү кийинки жылы 1 триллион сомго жетери болжолдонууда.
"Кыргызстандын банктарындагы депозиттин көлөмү ушул жылдын тогуз айына карата 815 миллиард сомдон ашты. Жыл башынан бери каражат 205 миллиард сомго көбөйгөн. Бул элде акча көбөйгөнүнөн, айлык, пенсиянын өскөнүнөн жана калктын банктарга болгон ишениминин жогорулаганынан кабар берет. Улуттук банктын маалыматы боюнча, банктардагы аманаттардан тышкары элдин колунда дагы 200 миллиард сом бар. Акчаны банкта сактоо экономикага да пайда алып келет", — деди Букуев.
Ошондой эле ал калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурсун сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү чаралары күчөтүлөрүн кошумчалады.