Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана башка аскер кызматына тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жыйында Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган органдардын 2025-жылдын өткөн мезгилине карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары угулуп, аныкталган мыйзам бузуулар талкууланды. Ошондой эле президенттин жарлыгы менен бекитилген «2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын» өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу тапшырылды. Мындан тышкары, аскер кызматкерлеринин арасында укук бузуулардын, уставдык эрежелерден тыш мамилелердин, өзүн өзү өлтүрүү фактыларынын алдын алуу маселелери каралып, бул багыттагы ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу чаралары талкууланды.
Жол тыгынын азайтуу үчүн Бишкектин четиндеги шаарларга каттаган поезддердин графиги өзгөрдү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди. 10-ноябрдан тарта поезддер төмөнкүдөй сааттарда каттайт: Кайыңдыдан Бишкекке поезд эртең менен 6:00дө чыгып, 8:20га келет; Бишкектен Кайыңдыга саат 18:40та чыгып, 20:57де жетет; Токмоктон Бишкекти көздөй поезд эртең менен 6:30да чыгып, 8:35те жетет;Бишкектен Токмокко кечки 18:22де чыгып, 20:28де жетет.
"Номад-ТВ" телеканалынын башкы редактору Наталья Кролевич журналисттерге "Ала-Тоо" аянтынын түштүк тарабында жайгашкан пикселдик студияны көрсөтүп, эмне үчүн дал ушул жерге орнотулганын айтып берди. Ал бул конструкция башкы аянтта бир нече ай турарын, андан кийин демонтаждалып, башка шаарга көчүрүлөрүн белгиледи.Башкы редактор мындай көчмө павильондор дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган практика экенин, ири телеканалдар тарабынан окуяларды чагылдыруу үчүн колдонуларын айтты.Борбор калаанын башкы аянтындагы студия ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана ЖККУ саммитин чагылдыруу үчүн колдонулат. Анда профессионалдык жабдуулар, жарыктандыруу орнотулуп, интервью алуу үчүн аянтча уюштурулган. Телеканалдын алып баруучулары бул жерде түз эфирлерди өткөрүүнү жана коноктордон маек алууну пландап жатат.
Бишкек шаарынын аймагында күз-кыш мезгилине карата туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу мэрия билдирди.Маалыматка караганда, калаанын үч районундагы мындай жайлардан үйү жоктор тамак ичип, жылынып, түнөп кете алышат. Октябрь районундагы баш калкалоочу жай Токомбаев көчөсүндөгү №12 кичи районунда жайгашып, 80 кишиге ылайыкташкан. Имараттын ичи ремонттон өткөрүлүп, төшөнчү, дары-дармек менен камсыздалды. Жылытуу мезгилине жергиликтүү бюджеттен 10 тонна көмүр сатып алынган.Биринчи май районунда жай-кыш дебей "Коломто" уюму иштейт. Ал Жибек Жолу, № 413 дарегинде жайгашып, 70тен 100 кишиге чейин кабыл алат. Жергиликтүү бюджеттен каржыланат.Ленин районундагы "Ырайымдуулук борбору" Трудовая, 10 дарегинде жайгашып, жашоонун оор кырдаалына туш болгон балалуу аялдарга ылайыкташкан. 45 адамды кабыл ала алат.