Жүрөктү кантип сактоого болот — кардиолог менен алдын алуу тууралуу маек

Sputnik
Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себептеринин бири болуп саналат. Оорулардын өсүшүн азайтуу үчүн жүрөк ооруларын алдын алууга көңүл кош мамиле кылбоо зарыл.
Бул оорулардын өнүгүшүнө кайсы факторлор таасир этет? Стресстин жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүшүнө таасири барбы? Бул ооруну алдын алуу канчалык натыйжалуу? Дары-дармексиз жүрөктүн саламаттыгына кам көрүүгө болобу? Кардио машыгуулардын инфаркт коркунучун азайтарынын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
Жүрөк-кан тамыр системасына эң пайдалуу азыктар кайсылар? Ушул жана башка суроолорубузга “Ачыккеп” программасынын алкагында кардиолог Гүлсайра Кадыровадан жооп ала алдык.