БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 4-5-ноябрь күндөрү расмий сапар менен Египетке бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталиптин айтымында, визит Египеттин лидери Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу менен уюштурулуп жатат. Бул мамлекет башчысынын өлкө эгемендик алгандан бери Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болмокчу.
Тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат. Сапардын алкагында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралганы айтылды.