БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Дональд Трамп Нигерия бийлигин кайрадан христиандарга каршы кылмыштарга айыптап, АКШ африкалык өлкөгө аскерлерин жөнөтөрүн же абадан сокку урарын кыйытты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Трамп кол салуу "кандуу жана бат" болорун айтса, Пентагондун башчысы план иштелип чыгып жатканын билдирген.
"Көп нерсе болуп кетиши мүмкүн. Мен түрдүү варианттарды карап жатам. Алар Нигерияда христиандарды кырып жатышат", — деди Трамп.
Ал эми Нигериянын ТИМи Трамптын айыптоосун четке кагып келет. Анткен менен өлкөнүн айрым аймактарында христиандардын геноцидге кабылуу ыктымалдыгын иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. Жакынкы күндөрү Нигериянын президенти Трамп менен жолугуп, кырдаалды талкуулайт.
Washington Post Трамптын билдирүүсүнөн кийин Нигериянын жашоочулары дүрбөлөңгө түшүп, кооптонуп жатышканын жазды.