БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Курск облусундагы Суджа шаарынан Украина Куралдуу күчтөрүнүн колунан каза тапкан 300 тургундун сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин аскердик-тергөө органынын кызматкери Александр Глухаревго таянуу менен РИА Новости кабарлады.
"300 кишинин сөөгүн чек арага жакын аймактардан алып чыктык. Алгач моргго жеткирилди, экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин сөөктөр жакындарына тапшырылды", — деген маектеш.
Анын айтымында, августтан бери издөө иш-чаралары да уюштурулуп, анын жүрүшүндө украин согушкерлери тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 112 кишинин сөөгү табылып, эксгумацияланган.
"Табылган сөөктөр таанылып-таанылбаганы көрсөтүлүп, реестрге киргизилет. Андан кийин шаардын моргуна жөнөтүлөт. Ушундан соң ДНКсы алынып, тиешелүү аракеттер көрүлөт", — деген кызматкер.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 6-августунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Курск облусуна чабуул жасап, РФ армиясы тарабынан токтотулган. 2025-жылдын апрелинде Курск облусу украин согушкерлеринен бошотулганы жарыяланган.
Украин аскерлеринин жана жалданма адамдарынын россиялык региондорго чектешкен аймакта жасаган кылмыштарын прокуратура органдары жана Тергөө комитети иликтөөдө. Кылмышкер делгендердин арасында соттолгондор жана өкүмүн күтүп жаткандар да бар.
РФ лидери Владимир Путин юстиция органдарынын милдети бардык кылмыштарды, өзгөчө жай тургундарга жасалган мыкаачылыкты каттоо экенин, ал эми аларды кармоо жана жазалоо атайын кызматтын ишине кирерин белгилеген.