РКӨФ 2030-жылга чейинки программасын өлкөнүн Улуттук стратегиясына айкалыштырат

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2032-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыгат. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.
Анын айтымында, программа Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына айкаштырылат.
"РКӨФ Өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын бардык максаттарын колдоп, аларга жетүү үчүн негизги куралдын бири болууга даяр. Биз дары чыгаруу, логистикалык борборлорду куруу, өнөр жайды өнүктүрүү, курулуш материалдарын жана ЕАЭБ рыногунда суроо-талап көп болгон товарларды өндүрүүгө көңүл бурабыз", — деди Новиков.
Эске салсак, Улуттук стратегияда ИПДнын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү, калктын кирешесин эки эсе көбөйтүү каралган.
РКӨФ инсулин шприцтерин чыгарган ишканага 350 миң доллар бөлөт