SkyWay компаниясынын куратору кармалып, камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда SkyWay бренди менен иштеген компаниянын 52 жаштагы И.П. аттуу куратору кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, коргоо органдарына кайрылуу түшүп, SkyWay жана Sky World Community аталышындагы компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүүнү өтүнгөн. Анда ошондой эле аталган компаниялар каржы пирамидасы болушу мүмкүн экени айтылган.
"Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул компаниялардын өкүлдөрү Бишкек менен Ош шаарларынын ортосунда "асман көпүрөлөрүн" куруу боюнча ири долбоорго акча салууга чакырганы аныкталды. Алар жарандарга чоң өлчөмдө пайда табасыңар деп убадалашкан", — деп айтылат маалыматта.
Катышуучуларга атайын мобилдик тиркеме берилип, ага салынган сумманын көлөмү көбөйүп жаткандай жалган маалымат көрсөтүлгөн.
"Чындыгында бул каражат реалдуу каржы болгон эмес, акча уюштуруучулардын жеке пайдасы үчүн колдонулган", — дешти милициядан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин ("Финансы пирамидаларын уюштуруу") негизинде иш козголгон. Аталган компаниялардын куратору ушул иштин алкагында кармалып, камакка алынган.
Учурда ички иштер органдарына аталган каржы пирамидаларынан жабыркаган жарандардан арыздар түшүп жатканы айтылды.
SkyWay жана Sky World Community компанияларынын ишмердүүлүгүнөн жапа чеккендер 0505 102 612, 0703 686 883 же 102 номерлерине кайрыла алат.
Радио
Экономист каржы пирамидасынын 5 белгисин тизмектеди