БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эми айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окуш керек болот. Маалыматты Sputnik агенттигине президенттин иш башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүдө буга чейинки эки айлык окуулар токтой турганы айтылат.
"2026-жылдан тарта айдоочуларды окута турган жеке мектептер жабылып, мамлекеттик мектептер ачылат. Ар мезгилге карата экзамендер тапшырылат. Ал жактан дөңгөлөктү алмаштырууга чейин үйрөтүлөт", — дешти иш башкармалыктан.
Маалымат кызматы жаңы жылдын алдында кошумча маалымат берилерин белгиледи.