Асман шаарын жеке курулуш компаниялары курары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлгө түшө турган Асман шаарын жеке курулуш компаниялары курарын Sputnik агенттигине Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшан Сабиров билдирди.
Анын айтымында, шаар этап-этабы менен салынат.
"Курулуш компанияларынын бирине 100 гектар, экинчисине 80 гектар жер бөлүндү. Асман шаарынын жалпы аянты — 4 миң гектар. Жаңы калааны курууга бардык курулуш компанияларын чакырабыз, шарттар баарына бирдей. Каалоочулар жетекчиликке кайрылса болот", — деди Сабиров.
Эске салсак, 2023-жылдын июнь айында өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна капсула салган. Калааны кура турган инвесторлор бул шаар "акылдуу", коммерциялык, спорттук жана оюн-зоок секторлоруна бөлүнөрүн айтышкан. Мындан тышкары, шаардагы бардык таштанды кайрадан иштетилип турары, Ысык-Көлдүн ортосуна жасалма арал курулуп, шаарда жети жылдыздуу мейманканалар, казино, ири университеттер, музейлер, мечиттер, ооруканалар, гольф талаалары, жогорку ылдамдыктагы поезд, стадион, ипподром иштей турганы белгиленген.
Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан "Асман" шаары тууралуу айтып берди