БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. "Көз микрохирургиясы" госпиталынын директору Алмазбек Исманкулов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, ал медициналык жабдыктарды мыйзамсыз ээлеп алган.
1997-жылы Кыргыз улуттук университетинде "КМУУнун Медициналык борбору “ИнтерГоспиталь" ЖЧКсы түзүлүп, анын директору болуп Исманкулов дайындалган. Бир жылдан кийин “Медисон Ко. ЛТД” кореялык компаниясы менен Алмазбек Исманкуловдун ортосунда өлкөгө медициналык жабдууларды жеткирүү келишими түзүлгөн. Кийинчерээк коррупциялык схема боюнча “ИнтерГоспиталдын” негиздөөчүлөрүнүн жасалма жыйыны аркылуу университеттин мамлекеттик үлүшү жеке менчикке чыгарылганы айтылды.
"1999–2000-жылдары өлкөгө 9 млн доллардан ашык каражатка медициналык жабдуулар келген. Бирок Исманкулов түзгөн схема боюнча КМУУнун, Саламаттык сактоо, Билим берүү министрликтеринин жана башка ведомстволордун айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен жабдуулар мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, Исманкуловго таандык менчик медклиникага өткөрүлгөн. Жабдууларды сатып алууга алынган кредит азыркыга чейин төлөнө элек жана аны төлөө милдети соттун чечими менен мамлекетке жүктөлгөн. 2025-жылга карата карыздын суммасы 31 миллион долларды түзөт", — деди ИИМ.
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде Исманкулов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кармалган. Биринчи май райондук соту аны камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандады. Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо үчүн тергөө жүргүзүлүүдө.