Афганстанда жети адамдын өмүрүн алган жер титирөө Кыргызстанда дагы сезилди

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Афганстанда жер титиреп, жети адам каза тапты. Бул тууралуу Рейтер жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып жазды.
Кырсыктын кесепетинен 150 адам жаракат алган.
Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору жер титирөөнүн магнитудасы Афганстандын борбордук бөлүгүндө 6,3кө жеткенин билдирди. Өзбекстанда экиден беш баллга чейин сезилген.
Ал эми Кыргызстандын Сейсмология институту өлкөнүн түштүк бөлүгүндө (Кашка-Суу, Кара-Кабак айылдары) жер титирөө болуп, күчү эки баллга жеткенин кабарлады.
Пакистан менен Афганстан Дохада сүйлөшүп, атышууну тез арада токтотууну макулдашты