4-ноябрга карата аба ырайы

4-ноябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Шейшембиде күн бүркөлүп турат. Айрым жерлерде жамгыр катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүй менен Нарын облустарында +3...+8, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +2...+7, Ысык-Көлдө +6...+11 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Күндүн табы +3...+5, Ош шаарында жамгыр жаап, +5...+7 градус жылуу болот.
Афганстанда жети адамдын өмүрүн алган жер титирөө Кыргызстанда дагы сезилди