“Неоклассикалык экономика же болбосо теорияга гана таянып, өткөндү, экономикалык тарыхты эсепке албаган учурдун доору бүтүп бара жатат жана бир гана теорияга таянуу туура эместигин көп өлкөлөр билип калды”, — дейт бүгүнкү “Экономикалык панорама” уктуруусунда экономист Улукман Мамытов. Биз экономика илими теорияга таянып иш алып барышы керекпи же тарыхын билүү маанилүүбү? — деген суроонун алкагында маектештик. Экономиканын тарыхы өлкөлөрдүн өнүгүшүндө, илимде кандай орунга ээ экенин бул уктуруудан уга аласыз.