Кыл калем чебери Ислам Дооров сүрөтчүлүктү, жазуучулук жана акындык өнөр менен айкалыштырып келет. Алгач жалаң сүрөтчүлүк менен алектенсе, кийин проза менен поэзияга арбалган. Көп кырдуу талант “Стимул” программасында конокто болуп, анын көп кырдуу чыгармачылыгын камтыган “Абзац” көргөзмөсү жана сүрөтчүлүк өнөр тууралуу айтып берди.