Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
БШК шайлоо күрөөсүн төлөгөн талапкерлердин санын жарыяладыКыргызстандын жаңы паспортторунун бет ачары өттүБайсалов Дохадагы саммитте Палестина эл аралык кылмышка кабылганын айттыПалестинанын эли жасалма жол менен пайда болгон ачкачылыкты баштан кечирүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Белгилей кетсек, учурда Катардын Доха шаарында Социалдык өнүгүү боюнча II дүйнөлүк саммит өтүүдө. Ага Эдил Байсалов жетектеген Кыргызстандын делегациясы катышып жатат. Минкаб төрагасынын орун басары саммиттин алкагында өткөн Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынында сүйлөдү. "Өзгөчө тилектештик сөздөрү Палестина элине арналат. Алар бүгүнкү күндө 100 пайыз жасалма жол менен пайда болгон ачкачылыкты — эл аралык кылмыштын бир түрүн баштан кечирүүдө", — деди ал. Байсалов Кыргызстан Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянска кошулганын белгилеп, миллиондогон адамдар жашоо жана тамактануу укугунан ажыратылганына адамзат чыдабай турганын кошумчалаган.
Борбордук шайлоо комиссиясына алдыдагы шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 589ду түздү. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасынын орун басары Айдана Жупуева билдирди. Анын айтымында, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн жарандардын арызын кабыл алуу аяктады. 31-октябрдан тарта жумушчу топ каттоо үчүн талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн документтерди текшерүүнү баштады."Ошондой эле 2-ноябрга чейин шайлоо күрөөсүн төлөбөгөн талапкерлер дагы катталбайт. Акыркы маалыматтар боюнча, 589 талапкердин ичинен 506сы шайлоо күрөөсүн төлөдү.
Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда 2025-жылкы үлгүдөгү жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Документтин сырткы көрүнүшү жана коопсуздук деңгээли толугу менен жаңыланган, улуттук символиканы чагылдырат жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун эл аралык талаптарына жооп берет. 2024-жылдын май айынан бери биометрикалык документтер,"Учкун" ААКта жалпы жарандык паспорттор жана ички ID-карталар өлкө ичинде даярдалууда. Документтерди сапаттуу жана өз убагында даярдоо мамлекеттик коопсуздукту жана өлкөнүн санариптик өнүгүүсүн камсыздоонун эң маанилүү элементи болуп саналат.
Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, РКӨФ КМШдагы 0,5 мл инсулин шприцтерин чыгаруучу жалгыз ата мекендик компанияга жаңы каржылоо берди. Анын айтымында, 350 миң долларлык насыя өндүрүштү кеңейтүүгө жана заманбап жабдууларды сатып алууга багытталган. Бул компаниянын кубаттуулугун бир нөөмөттө 300 миңден 500 миңге чейин көбөйтөт жана ага ири экспорттук келишимдерди аткарууга мүмкүндүк берет. "Компания Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо системалары үчүн 2, 5, 10 жана 20 мл шприцтерди чыгарат. Биз алар менен 2016-жылдан бери иштешип келе жатабыз. Модернизациядан кийин компания ар кандай түрдөгү болжол менен 500 миллион шприц чыгара алат", - деди Артем Новиков. Бул компаниянын фонд тарабынан колдоого алынган төртүнчү долбоору. РКӨФ мурда ишкананы модернизациялоону 2016, 2018 жана 2020-жылдары каржылаган.