Медициналык кошумча билим берүүдөгү мораторий сапатты көтөрүп, коопсуздукту алдын ала алабы

Sputnik
Кыргызстанда кошумча билим берүү программалары аркылуу медициналык адистерди даярдоонун сапаты боюнча көйгөйлөрдүн көбөйүшүнөн улам өкмөт бул тармакка убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштаган. “Ачык кеп” программасында талкууга илинген тиешелүү токтомдун долбоору жана учурда медициналык жааттагы кызмат көрсөтүүнүн сапаты, кадрлардын билими жана медициналык тейлөөнү иретке келтирүү жолдору тууралуу баарлаштык. Косметологиялык, укалоо, медайымдык кызмат көрсөтүү, окуу шарттарын оңдоо жаатындагы калпыстыктарды эске алуу менен, жоопкерчилик жагы да айтылды.
Азыркы учурда өлкөдө 80ден ашык уюм медициналык багыттагы кошумча билим берүү программалары (косметология, стоматология, медайымдык иш ж.б.) боюнча лицензия алган. Бирок алардын көбү стандарттарга жооп бербейт, андагы окутуу сапатсыз экендиги көп айтылат.