Токойлорду көбөйтүү — табигый кырсыктарга каршы табияттын чарасыбы?

Sputnik
Токой кызматы тарабынан республика боюнча, жалпы 1500-2000 гектардын тегерегинде экме токтойлор отургузулат. Алар 20 же 30 жыл аралыгында жетилип, токойго айланат. Бүгүнкү күндө өлкөдө токой чарбачылыгын өнүктүрүүдө жүргүзүлүп жаткан иштердин аркасы менен республиканын токойду каптаган аянты 6, 4 пайызга жогорулады.
Токойлорду көбөйтүү өлкө климатын турукташтырууга кандайча таасир этет? Мындай аймактарды кеңейтүү боюнча азыр кандай долбоорлор жүрүп жатат? Кайсы аймактарда активдүү иштер жүрүүдө? Деги эле Кыргызстандагы токойлордун жалпы абалы кандай? Токойду сактоо үчүн кадрлар, адистер жетиштүүбү?
Ушул жана башка суроолорубузга “Күн башат” уктуруусунун алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын өкүлдөрүнөн жооп ала алдык.