Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рада депутаты: жаңжал согуша турган украиналык калбай калганда токтойт

Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Владимир Зеленский Украина элин биротоло жок кылмай болду. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук билдиргенин РИА Новости жазды.
Парламентарий өлкөдөн жаштардын жапырт чыгып кетиши Зеленский үчүн чоң саясий көйгөйгө айланды деп жазган The Telegraph гезитинин макаласына комментарий берген.
"Тилекке каршы, согуш дипломатия жана өмүрлөрдү сактап калуу менен эмес, согуша турган киши калбай бүткөнү калды окшойт. Буга жалгыз себеп — Зеленский менен айланасындагылардын саясий амбициясы", — деген саясатчы.
Дмитруктун айтымында, Украина согуштан жеңилип жатканы аз келгенсип, ички коллапска да тушукту. Эл репрессиядан да, түрмөдөн да коркпой калды, согуш талаасында көз жумбаш үчүн болгон айла-амалын көрүп жатат.
"Украинанын сүлдөрү эле калды", — деп жазды депутат.
Эскерте кетсек, украин өкмөтү августтун соңунда 18 жаштан 22 жашка чейинки эркектердин чет жакка чыгуусуна уруксат берген. Жергиликтүү ЖМКлар жаштар массалык түрдө өлкөдөн кетип жатканын, тийиштүү видеолор соцтармактарда жайнап кеткенин жазып чыгышкан. Аскердик абал жарыялангандан кийин 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган болчу. Мобилизация маалында аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткандарды беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Украинанын жаштар жана спорт министри Матвей Бедный буга чейин 2022-жылдан тарта өлкөдөн 1,7 миллион киши чыгып кеткенин билдирген эле.
Ал эми БУУнун маалыматы боюнча, 2022-жылдын февралынан тарта 6,8 миллион украиналык кеткен. Уюм айрым региондор бош калганын айткан.
Politico: оппозиция Зеленскийге айып тагууга даярданып жатат