БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет 9-ноябрга чейинки республика боюнча күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктердин айтымында, 4-5-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Өрөөндөрдө мезгил-мезгили менен жаан жаап, ал карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетери айтылды. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Бишкек шаары
3-ноябрда борбор шаарды ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалдыгы аз. 4-ноябрда жаан карга айланып, эртеси дагы жаайт. 6-ноябрда күндүз жана 7-9-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас
3-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-ноябрда көпчүлүк аймактарда жааган жаан карга айланып, 5-ноябрь да жаан чачындуу болот. 6-ноябрда күн ачылат. Андан кийин апта соңуна чейин жаан чачын болбойт деп божомолдонгон.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Аптанын алгачкы күнүндө аймакта күн ачык болот. Эртеси, 4-ноябрда, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ошондой эле аба ырайы 5-ноябрга да болжолдонгон. 6-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тооолуу райондордо кар жаайт, күндүз күн ачылып, аптанын аягына чейин жаан жаабайт.
Ысык-Көл жана Нарын
Облустарда 3-ноябрда күн ачык болгону менен аптанын экинчи күнүнөн баштап жамгыр жаап, ал карга айланат. Тоолуу аймактарга кар катуу жаашы мүмкүн. Облуста 5-ноябрда да жаан чачындуу аба ырайы күтүлөт. 6-ноябрда күндүз күндүн көзү ачылып, 9-ноябрга чейин ачык турары белгиленген.