Жапаров уулу жаңы банкка кантип негиздөөчү болгонун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун уулу Нурдөөлөт Нургожоев Кыргызстандагы жаңы "Берекет банкка" Binance компаниясынын ээси Чанпен Чжаонун жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы (азыр аталган банктын негиздөөчүлөрүнүн бири) Марат Султановдун сунушу менен негиздөөчү болгон. Бул тууралуу өлкө башчысы "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде айткан.
Буга чейин интернет тармактарына жаңы банкка мурдагы спикер Марат Султанов менен президенттин уулу негиздөөчү болду деген маалымат тараган.
Жапаров "Берекет банк" Binance компаниясынын ээси Чанпен Чжаонун сунушу менен түзүлгөнүн билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, бул жеке бизнес-долбоору болуп, өлкөгө ири көлөмдөгү инвестиция тартылары күтүлүүдө. Банк көбүнесе виртуалдык активдер жана санарип валюта менен иштейт.
Өлкө башчы май айында дүйнө жүзүнө белгилүү Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао өлкөгө келгенде https://sputnik.kg/20250503/cz-zhaparovdun-koomduk-keneshchisi-boldu-1093746528.html биргелешип санарип банк ачууну сунуштаганын айткан. Жапаров мамлекеттик банк кылалы деген оюн билдирип, бирок сунушу өтпөгөндөн кийин жеке банк ачууга макул болгон.
"Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим. Мамлекетибиз бул банктын пайдасын гана көрөт. Зыяны тийбейт", — деп Жапаров уулу Рустам да, Нурдөөлөт да экономика жана финансы жагын окуп бүтүшкөнүн кошумчалаган.
Ал эми Нурдөөлөт Нургожоевдин банк ишмердүүлүгүндө тажрыйбасы барбы деген суроого: "Албетте, тажрыйбасы бар деп айта албайм. Бирок бара-бара практика жүзүндө тажрыйба топтойт деп ойлойм. Эң негизгиси — эч кам санабагыла", — деп жооп берген.
Жапаров маегинде президент болуп турган беш жылда үй-бүлө, балдарын гана эмес, бир туугандарын да мамлекеттик иштерге аралаштырбаганын айткан.
"Баары мени угуп мамлекеттик иштерге аралашкан жок. Мындан ары деле кийлигишпейт. Министр болом, депутат болом дешпейт. Болбосо депутатты эл шайлайт да деп депутаттыкка деле барышса болмок. Бирок барышпайт. Баары жеке бизнестери менен алек болуп жүрүшөт. Чет жактан инвесторлорду алып келип жатышат", — деген өлкө башчы.
Мындан тышкары, бүгүнкү күнгө чейин жакындары тартып келген инвесторлорду, жасап жаткан иштерин айтса аларды мактагандай болуп каларын, азырынча эч нерсе айтпай турганын белгилеген. Бирок президенттик мөөнөтү бүтөрдө отчёт катары бир туугандары өлкө үчүн эмне иштерди жасаганын, Рустам (уулу - ред.) кандай иштерди бүтүрүп, канча суммага инвестор алып келгенин тизмектеп берерин билдирген.
"Жар салбай эле иштеп жүрүшөт". Садыр Жапаров уулу туурасында айтты