БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн "Люфтваффе" учкучсуз учуучу аппараттар батальонунун командачысы Николай Колесник Одессанын мобилизациядан качкан тургундарына дрондон чабуул жасоого чакырды. Бул тууралуу ал соцтармагына жазып чыкканын РИА Новости кабарлады.
Бейшемби күнү "Страна.ua" басылмасы одессалыктар аскер комиссариатынын кызматкерлери менен мушташа кетип, автобусун аласалдырып жиберишкенин билдирген.
"FPV, Mavic экипаждары менен колдоп берүүгө даярбыз. Таптакыр эле баш бербегендер болсо Vampire менен тарбиялап да беребиз", — деген ал.
Колесник каршылык көрсөткөн одессалыктарды "Россияга ыктагандар" деп атап, укук коргоо органдарына жардам сунуштаган. Анын айтымында, мындай "жосунду" күч менен эле токтотуу мүмкүн.
Ал эми Украина Куралдуу күчтөрүнүн медициналык кызмат батальонунун командири Анна Михайлова күч менен мобилизациялоого баш ийбегендерди атып салууга чакырды.
"Эмне үчүн аскер кызматкерлери табеллдик куралын алып чыгып атып салышкан эмес?" — деп нааразы болгон ал.
Украина Куралдуу күчтөрү ушу тапта өздүк курамдын жетишсиздигинен кыйналып жатат, ал эми аскер комиссариаттарынын мобилизациялана турчуларды кармоо аракеттери мушташ менен коштолуп келет.