Россиянын "Искандер" комплексин жаңылашы Батышты чочутууда

Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Искандер" комплексинин жаңыланышы Россиянын Куралдуу күчтөрүнө Patriot системаларын баш кылып, Украинанын абадан коргонуу күчтөрүнөн кыйгап өтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул тууралуу The National Interest жазды.
"Азыркы тапта россиялык изилдөөлөр менен инновациялар украиналыктардын ишине караганда мыкты натыйжага жетишти. Алсак, Россия "Искандер" ракеталарынын траекториясынын өзгөрүшүн Украинага сокку уруу үчүн пайдалана алды", — деп жазылат макалада.
Автор ракета баллистикалык эмес, квазибаллистикалык траектория менен учарын белгилеген.
"Искандер-Мдин" акыркы фазада жерге кескин чукулдап учушу Patriot ракеталарынын радиолокациялык системасындагы мүчүлүштүктөрдү көрсөтүп, жакындаган кооптуулукка анын өз убагында жооп кайтаруу жөндөмүн азайтууга колдонулду", — деп айтылат материалда.
Украина Башкы штабынын башчысынын мурунку орун басары Игорь Романенко октябрда Patriot систамаларынын майнаптуулугу 6 пайызга төмөндөп кеткенин билдирген. Ал өлкөнүн абадан коргонуусунун начарлашына россиялык ракеталардын улам модификацияланып жатышы себеп экенин белгилеген. Романенконун айтымында, жаңыланган ракеталар ылдамыраак учуп, конордогу маневрлары абдан активдүү болгондуктан тутулушу өтө кыйын болууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрү Одессанын тургундарына дрондон чабуул жасоого чакырды